SerepTV Logo

Депутат Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министринин саламаттыгын текшерүүнү сунуштады

Депутат Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министринин саламаттыгын текшерүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин саламаттыгын текшерүүнү сунуштады. Ал текшерүү убактысы келди деп эсептейт. «Ал Кыргызстанды уу коргошундан (аконит) жасалган тундурмасы менен дүйнөгө уят кылды. Кечээ ал биздин президент Орусиянын президенти менен уу коргошун жөнүндө сүйлөштү деп калп айтты. Эрбол (президенттин басма сөз катчысы)аттуу жигитт маалыматты эки саатка жетпей четке какканы дагы жакшы болду. Болбосо, президентти да уят кылмакпыз да «уу коргошунду Москвага барып кеп кылып келиптир» депчи», - деп белгиледи депутат. Момбеков парламенттин 84 депутаты Бейшеналиевдин аталган кызматка ылайыктуулугун карап чечим кабыл алгандыгын эске салды. «84 добуш менен президентке импичмент жарыялап, башкы прокурорду кызматтан кетирсе болот да. Эмне үчүн министрди иштен кетире албайбыз? Баарыбыздын тууган-туушкандарыбыз, жоро-жолдоштор досторубуз бар. Алардын арасында дарыгерлер дагы: «COVID кетпесе дагы, ушул «комик» кетсе болот эле», деп жатышат. Ушуга жетпедикпи»,- деп нааразычылыгын билдирди депутат.
edita