Депутат Рыспаев: "Маршруттук таксилер боюнча өкмөткө эле тапшырма бере бербей, мэрди укпайлыбы"
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутаттар учурда Бишкек шаарындагы кичи автобустардын айдоочуларынын иш таштоосунан улам тургундар кыйналып жатканын айтышып, өкмөткө тапшырма берүүнү сунушташты. Ал эми эл өкүлү Кожобек Рыспаев бул боюнча өкмөткө эле тапшырма бере бербей, мэрдин милдетин аткаруучуну да уксак дейт.
"Маршруткалар боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма деп суранып атабыз. Бир нерсе болсо эле өкмөткө жүктөп жатабыз. Бул түздөн-түз мэрдин жумушу да. Мына азыр ызы-чуу болуп, эки күндөн бери элибиз кыйналып жатат. Мэрди бир чакырып, угуп анан тапшырманы бербейлиби?" - деди ал.
Кечээ, 2-июнда Бишкекте жол акынын көтөрүлүүсүн талап кылган маршруттук таксинин айдоочулары иш ташташкан. Мэрия тарабынан маселе чечилбегенине байланыштуу алар бүгүн, 3-июнда да ишке чыгышкан жок. Шаар башкармалыгынын басма сөз кызматынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бүгүн каттамга 110 автобус, 114кө жакын троллейбус чыкканын маалымдашты.