SerepTV Logo

Депутат Осмонов: "Ош шаарынын бюджетин колдоого 1 миллиард сом качан бөлүнөт?"

Депутат Осмонов: "Ош шаарынын бюджетин колдоого 1 миллиард сом качан бөлүнөт?"
"Ош шаарынын бюджетин колдоого 1 миллиард сом качан бөлүнөт? Министрлер кабинети убадалаган акча бөлүнсө, шаардагы ички жолдор, бала-бакча, мектептердин курулушуна чоң жардам болмок". Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта депутат Айбек Осмонов билдирди. "Акылбек Жапаров Ош шаары эгерде 1 миллиард сомго жакын салыкты көтөрсө, 1 миллиард сом кошуп беребиз деп айткан. Ош шаары салыкты ошол суммага көтөрдү, эми айтылган сумманы кошуп берүүнү мүмкүн болсо, эртелетип коюшса... Ош-Араван жолу боюнча да протоколдук тапшырма берген элем. Ушул күнгө чейин башталган жок. Ош- Кара-Суу жолун жаңыдан салбаса болбой калыптыр", - деди ал.
info