Депутат Өмүрбек Бакиров аны мандатынан ажыратууну көздөп жатышканын билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандаттан ажыратууну көздөп жатышат. Бул тууралуу кечээ, 13-декабрда өзү журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 12-декабрда Равшан Рыспаев жаңы ачылган жагдайлардан улам добуштарды сатып алуу фактысы боюнча иштин материалдарын кароону баштоо өтүнүчү менен административдик сотко кайрылган. Жыйынтыгында сот өтүнүчтү канааттандырган. Депутат бул чечим мыйзамсыз экенин белгиледи.
Бакиров өзү күнөөсү жок экенин айтууда, бийлик ушундай жол менен «жагымсыз депутаттарга» кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп эсептейт. Буга чейин Ички иштер министрлигинен милиция кылмыштын курамын таппаганын билдиришкен.