SerepTV Logo

Депутат: "Кечээ Өзбекстандын парламенти эки келишимди ратификациялады"

Депутат: "Кечээ Өзбекстандын парламенти эки келишимди ратификациялады"
Кечээ, 14-ноябрда Өзбекстандын парламенти эки келишимди ратификациялады. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев жазып чыкты. Алар: 1) Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу; 2) Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо. Эки келишим тууралуу маалыматты Өзбекстандын премьер-министри берди. Анын сөзүнөн кийин депутаттар чыгып сүйлөшкөн. Добуш бергендердин арасында каршылар да болгону маалымдалды.