Депутат Дастан Бекешев: “Бишкекке автобустарды алып келүү маселесин мэрия чече албай жатат”
Бүгүн, 2-июнда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Дастан Бекешев маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу боюнча маселени көтөрүп чыкты.
“Маршруттук таксилердин иш таштоосу бул шаар тургундары үчүн чоң маселе болду. Бишкек мэриясы бул көйгөйдү жөнгө сала албай жатат. Комдук транспорт үчүн автобус, троллейбустарды алып келүү керек. Өкмөт бул боюнча тапшырма берүүсү шарт”, - деди Бекешев.