SerepTV Logo

Депутат CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергияны Казакстандан 2 сомдон сатып алып, 7 сомдон сатууну сунуштады

Депутат CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергияны Казакстандан 2 сомдон сатып алып, 7 сомдон сатууну сунуштады
Кечээ, 23-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстан жана Тажикстан канча электр энергиясын өндүрөрүнө кызыкты. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев Кыргызстан 15 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрөрүн, ал эми Тажикстан боюнча маалыматтар жок экенин айтты. Депутат "бизде көп өндүрүлөбү же Тажикстанда көп өндүрүлөбү?" деп сурады. Ага орун басар Тажикстанда көп өндүрүлөрүн айтты.

Депутат: Биз Казакстандан элект энергияны канча сомдон сатып алабыз?

Орун басар: 2 сомдун тегереги болуп калат.

Эл өкүлү CASA-1000 долбоору иштей баштаса, Кыргызстан электр энергиясын кандай баада сатарын сурады. Жетекчинин орун басары болжол менен 7,20 сом деп жооп берди. "Демек, бизде Казакстандан 2 сомдон сатып алып, кайра 7 сомго сатууга мүмкүнчүлүк бар экен да", - деди депутат. Орун басар бул мүмкүн экенин айтты.

edita