SerepTV Logo

Депутат бүгүн иш таштаган компаниялардын лицензиясын башкага берүүнү сунуштады

Депутат бүгүн иш таштаган компаниялардын лицензиясын башкага берүүнү сунуштады
Бүгүн каттамга чыкпай койгон кичи автобустардын лицензиясын башкага берип, маселени чечиш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жыйында билдирди. Депутат жыл сайын ушундай кырдаал жараларын айтып, мындан улам парламент тарабынан тийиштүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады. "Жыл сайын айдоочулар эмес, жүргүнчү ташыган фирманын ээлери, беш-алтоо биригип саботаж кылат. Муну мен ультиматум деп айтат элем. Маселесин мэрия менен чечишип албайбы, элде эмне күнөө? Ушуга биз дагы киришип, чечип койсок жакшы болот эле. Мен билгенден бирөө "700 автобусту бекер алып келели, бизге линия бергиле" десе мэрия макул болбой жатыптыр. Керек болсо, азыр каттамга чыкпай жаткандардын лицензиясын алып ошолорго берип, маселени чечиш керек", — деди ал. Аны менен катар депутат дүйнөлүк биржада баа көтөрүлбөгөнүн айтып, долларга шылтап эле күйүүчү майды кымбаттата берүү негизсиз экенин белгиледи.
edita