SerepTV Logo

Депутат бийликтен аялдарды жана балдарды Сириядагы лагерлерден чыгарып кетүүнү суранды

Депутат бийликтен аялдарды жана балдарды Сириядагы лагерлерден чыгарып кетүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бийликтен Сириядагы лагерлерде камалып калган Кыргыз балдарын жана аялдарын алып чыгып кетүүнү суранды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, "Аль-Холь" лагеринде 88 аял жана 223 бала, "Эски Родждо" 16 аял жана 34 бала, "Жаңы Родждо" 5 аял жана 14 бала бар. "Аларды алып келүү керек. Албетте, бул биз үчүн чоң көйгөй жаратат, аларды реабилитациялоо, аларга белгилүү шарттарды түзүү керек болот дегеним. Бирок биз алардан баш тарта албайбыз. Булар биздин жарандар», - дейт ал.

Буга чейин Сирияга 500 кыргызстандык кеткени кабарланган. Бирок тийиштүү мекемелеринин бири да ал жактагы лагерлерде канча аял жана бала жашарын айта алышпайт.