SerepTV Logo

Депутат: "Базар-Коргондо болдум. Ал жакта эртеден кечке жарык өчүрүлөт экен"

Депутат: "Базар-Коргондо болдум. Ал жакта эртеден кечке жарык өчүрүлөт экен"
Жер-жерлерде жарыкты өчүрүү болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов комитет жыйынында билдирди. "Мен Базар-Коргонго барып келдим. Таңдан баштап кечке чейин жарык болбойт экен. Телефон иштебейт. Эгер ошондой акыбал начар болсо, айтыш керек. Өчүрүүнүн себеби болсо, айтыш керек", - деди ал. Бүгүн, 27-сентябрда комитет жыйында "Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкы ортосундагы Камбар-Ата 2-ГЭСинин экинчи гидроагретын ишке киргизүү долбоорун каржылоо үчүн" Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун инвестициялык кредит берүү жөнүндө 2017-жылдагы №5 макулдашууга кошумча №2 макулдашуунун долбоору каралмак. Баяндамачы энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев болчу. Бирок ал жыйынга өзү келбегендиктен маселе күн тартибинен алып салынды.