Депутат Бакиров: "До конца" чечилгенге чейин кыргыз-тажик чек арасын ачпагыла деп суранып жатышат"
Бүгүн, 9-мартта депутат Өмүрбек Бакиров Баткен облусунун тургундары кайрылып жатканын билдирди.
"Алар жакын арада кыргыз-тажик чек арасы ачылат деген маалыматка карата нааразычылыгын айтышууда. Бул чек аранын ар бир чакырымы такталып бүткөнгө чейин кыргыз-тажик чек арасын ачпоону суранып жатышат", - деди ал.