Депутат Алимжанова: "Бакиев Кыргызстанга келгени менен мыйзам чегинде жооп берет"
Өткөн аптада Дубайда өткөн экс-президенттердин жана учурдагы президенттин жолугушуусунун талкуусу ушул күнгө чейин токтой элек. Эл ичинде жаралып жаткан бир топ суроолор менен депутаттарга кайрылдык.
Депутат Нилуфар Алимжанова экс-президенттер ынтымакка чакыруу ниетинде жолугушушкан деп эсептейт. "Эң негизги максат - Кыргызстандын өнүгүүсү. Бакиев Кыргызстанга келгени менен мыйзам чегинде жооп берет. Мыйзам алдында бир бирдейбиз. Ал өлкөгө келер замат соттун чечими аткарылышы керек", - деди ал.
https://youtu.be/zKG23sjXHmc