Депутат: "Акылбек Жапаровдун кызыкчылыгы болгондо эле эртеден кечке Ак Үйдө жүрөт"
Акылбек Жапаровдун өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана Ак Үйгө келет. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы айтты.
- Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 4 министрдин талапкерлиги каралып жатат. Көпчүлүк депутаттар жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты. Депутат Акылбек Түмөнбаев бир эмес, төрт министр кызматка келип жатканын айтып, башчысы да келиши керектигин билдирди. Сунуш добуш берүү менен өттү.