SerepTV Logo

Депутат: "Айрым үй-бүлөлөрдө айлап эт жебеген күндөр өтүп жатат"

Депутат: "Айрым үй-бүлөлөрдө айлап эт жебеген күндөр өтүп жатат"
"Бүгүнкү күндө кымбатчылык кокого жетти. Карапайым эл кыйналып жатат". Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө айлап эт жебеген үй-бүлөлөр бар. "Бензиндин баасы 62 сомго чыкты. Айрым үй-бүлөлөрдө айлап эт жебеген күндөр болууда. Азы-түлүк кымбаттады. Бул боюнча Министрлер кабинети ооз ачпай жатат. Бааны тескеген комитет жок. Министрлер бул боюнча бир да кыймыл кылган жок. Ушул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы келип, маалымат берсе", - деди ал.