Депутат уурдалган адамды табууга "Коопсуз шаардын" жардамынын тиер-тийбесине кызыкты
Уурдалган адамды табууга "Коопсуз шаар" долбоорунун жардамы тиеби? Буга бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кызыкты. Анын айтымында, бүгүн саат 12:00дө Өкмөт үйүнүн алдында "Вега" компаниясынын Кыргызстанды тоноп жаткандыгына каршы митинг өтөт.
"Сапат" билим берүү мекемесинин президентинин жоголгонуна 3 күн болду. Балдардын көпчүлүгү аталган лицейде окушат. Алар ата-энелеринен "агайыбыз кайда?" деп сурап жатышыптыр. Ошол ата-энелер балдарына жооп бериши үчүн укук коргоо органдары жардам кылбайбы. "Коопсуз шаар" долбоору ушундай адам уурдоолорго таасир тийгизеби же тийгизбейби? Маалымат берип койсунчу", - деди ал.