SerepTV Logo

"Дээримде пиардан алыс кишимин". Улукбек Марипов депутаттын айыптоосуна жооп берди

"Дээримде пиардан алыс кишимин". Улукбек Марипов депутаттын айыптоосуна жооп берди

Депутат Бактыбек Райымкулов министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду дыйкандардын эсебинен өзүн тааныткысы келип жатат деп айыптады. Агрардык саясат жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин отурумунда ал Улукбек Мариповдун Чүй облусуна болгон сапары пиар үчүн уюштурулгандыгын айтты.

"Мен пиар жасоодон алысмын. Бирок коомчулук кылган ишиңерди көрсөткүлө дегенинен басма сөз кызмат жасап жаткандыр. Дээримде мен пиардан алыс кишимин. Мен ишти жакшы көрөм. Тарбиям да ошондой табиятым да ошондой", - деди төрага.
edita