SerepTV Logo

Дастан Бекешев: "Парламенттик шайлоо 31-октябрга белгилениши мүмкүн"

Дастан Бекешев: "Парламенттик шайлоо 31-октябрга белгилениши мүмкүн"
Жогорку Кеңешке шайлоо 31-октябрга белгилениши мүмкүн. Мындай оюн депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналы аркылуу билдирди. Анын айтымында, шайлоо боюнча мыйзам долбоору жакынкы арада парламенттин кароосуна түшөт. «Эки өтө прогрессивдүү норма бар. Биринчиси, үй комитеттерине жана үй ээлеринин шериктештигинин төрагаларына шайлоого катышууга, үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салат. Экинчиден, эгер чиновник шайлоого катышууну чечсе, анда ал үгүт өнөктүгүнүн мезгилинде өз кызматын токтотуп койбостон, кызматтан кетиши керек», - деди депутат. 

Ал ошондой эле, шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору парламент саясий партиялардын (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардын (35 мандат) тизмеси боюнча түзүлөт деп болжолдойт.

edita