Дастан Бекешев: "Азыр Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти"
Азыр Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти. Мындай оюн бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Мыйзамды жазат, мыйзамды сунуштайт, отургузат, тергейт жана башка бир топ ыйгарым укуктар пайда болуп калды. Башкы прокуратура адам укуктарын сактабай калды. Мына сиздин учуруңузда эле (ред. Курманкул Зулушевдин башкаруусунда) канча кишини УКМКнын СИЗОсуна тыгып, күрөөнү төкмөйүнчө чыкпайт. Мындай болбош керек да, бул мыйзамсыз да. Мен мыйзам долбоорлорду окуганда таң калдым. Эгер бул мыйзам долбоор өтсө, жаштардын кыялы депутат эмес, прокурор болуу болуп калат. Биз кайсы мамлекетте жашап калдык? Менин оюмча бул мыйзам долбоорлору адам укуктарын сактабайт го", - деди депутат.
"Сиз таң калбаңыз, биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Баш мыйзамда мыйзам демилгелөө укугу Жогорку Сот менен Башкы прокуратурага керек экени билинди. Анткени азыркы кодексти билесиз, канча кемчилиги бар. Эгер мыйзамда мүчүлүштүк болсо, тез арада сот системасы жана прокуратура гана сиздерге алып келе алат. Кабыл алуу сиздерден көз каранды. "Монстр" деп айтып жатасыз. Мындай укук мурда эле болгон. Прокуратура мыйзамдын бирдей аткарылышын көзөмөл кылат", - деди Башкы прокурор.