Чек арадагы жаңжалда 44 бала атасыз калса, бир үй-бүлө жалгыз уулунан ажыраган
Чек арадагы жаңжалда 44 бала атасыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
"Чек арадагы жаңжалда 44 бала атасыз калса, бир үй-бүлө жалгыз уулунан ажыраган. Ата-энеси кароосуз калган деп эсептелет. Биздин эсеп менен 30 жаран мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп калышы мүмкүн. Аларга өзүнчө мыйзам иштелип чыгып, киргизип жатабыз", - деди ал.
Ал мындан тышкары, мамлекет атасыз калган балдарга айына 1000 сом төлөрүн айтты. "Ошондой эле, биз кошумча төлөм боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатабыз", - деп кошумчалады ал.