SerepTV Logo

Бүтүрүүчүлөрү жол кырсыгына кабылган автомектептер "кара тизмеге" кириши мүмкүн

Бүтүрүүчүлөрү жол кырсыгына кабылган автомектептер "кара тизмеге" кириши мүмкүн
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө төрага жол кыймылынын коопсуздугунун ар кыл аспектилерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгына басым жасады. «Жол кырсыктарынын санынын өсүшү негизинен айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кетишине жана мас абалда унаа башкаруусуна байланыштуу орун алууда. Айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Учурда автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турген тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, "кара тизмеге" киргизилиши керек», - деди Улукбек Марипов. Транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева жыл сайын унаалардын саны өсүп жаткандыгына көңүл бурду. «Бул фактор жергиликтүү жана республикалык маанидеги унаа жолдордун абалына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Айрым тилкелер пайдаланууга жараксыз абалга келген. Финансы каражаттырынын жетишсиздигинен улам капиталдык реконструкцияга муктаж болгон жерлерде жамаачылап жасап-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул жалпы жол кыймылынын катышуучулары үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратат», - деп маалымдады ал. Өз кезегинде Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, акча каражатынын жоктугун айтып отурбастан, башка чараларды да ишке ашыруу керек. Марипов кошумчалагандай, Министрлер Кабинетинин ишиндеги башкы артыкчылыктардын катарына жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, биринчи кезекте жол кырсыгында жабыркаган жана курман болгондордун санын кыскартуу кирет. «Жол кырсыктардын, анын ичинде оор кесепеттерге алып келген кырсыктардын себептерине жолдордун абалы гана кирбейт. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгууда. Тийиштүү мамлекеттик органдар жолдордогу кооптуу жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек», - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.
edita