"Быйыл бир да тыйын карыз алган жокпуз". Маалымат катчы Садыр Жапаровдун сөзүнө түшүндүрмө берди
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун эл аралык насыялар боюнча айткан сөзүн туура эмес түшүнгөндөргө байланыштуу түшүндүрмө берди.
Садыр Жапаров кечээ, 31-августта аянтта сүйлөп жатып: "Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда. Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык", - деп айткан эле.
Белгиленгендей, бул сөздөрдү айрым жарандар туура эмес түшүнүп алышкан. «Президенттин сөзү быйыл мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн бир да тыйын тышкы карыз алынган жок дегенди билдирет. Бул айрым жарандар айткан инфраструктуралык долбоорлорго тиешелүү эмес", - деди Эрбол Султанбаев.
Социалдык тармактарда айрым жарандар, анын катарында депутат Дастан Бекешев 2021-жылдын январында Садыр Жапаров президент болуп келгенден бери Кыргызстан алган кредиттер жана гранттар боюнча маалыматтарды берип, анын сөзүн сындап башташкан. Депутаттын айтымында, Кыргызстан быйыл эл аралык каржы уюмдарынан 100 миллион доллардан ашуун насыя алган жана бул карызды алуу келишимин Жогорку Кеңеш ратификациялаган. "Ысык-Көлдү айланган жолдун курулушуна биз үч эл аралык каржы уюмунан 100 миллион доллардан ашуун насыя алганбыз. Мындан тышкары Ноокат жана Кербен шаарларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн бир нече миллион долларлык келишимдерге макулдук берилген", - деп Дастан Бекешев комментарий берди.
2021-жылдын ортосуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 416 миллиард сомдон (4 миллиард 921 миллион доллар) ашты. Мунун 85 пайызы тышкы, ал эми 15 пайызы ички карызга туура келет. Былтыр өлкөдө мамлекеттик карыз дээрлик 300 миллион долларга өскөн.