SerepTV Logo

Бүгүн кайра шайлоо. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттар шайланат

Бүгүн кайра шайлоо. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттар шайланат
Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтөт. Саат 8:00дөн 20:00гө чейин 326 шайлоо тилкесинде добуш берүү болот. Баш-аягы 121 депутаттык кресло үчүн 32 партиядан 2 миң 204 талапкер шайлоого катышууда. Бишкекте 18, Ошто 9 ("Ынтымак" партиясынын четтеп калышы менен 8), Токмокто 6 партия ат салышууда жана шаардык кеңештен мандат алуу үчүн 7 пайыздык босого чектен ашып өтүү керек. Үч шаарда 617 миң 517 жаран добуш берүүгө укуктуу. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өткөнү маалым жана бир катар мыйзам бузуулардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу.