SerepTV Logo

Бүгүн Астанада Садыр Жапаров, Владимир Путин, Эмомали Рахмон жолугат. Жолугушууну ким демилгелеген?

Бүгүн Астанада Садыр Жапаров, Владимир Путин, Эмомали Рахмон жолугат. Жолугушууну ким демилгелеген?

Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орусилык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.