"Бул Тажикстандын жакшылыкка жамандык кылганы". Аскар Акаев чек арадагы жаңжал тууралуу эмне дейт?
Бийликтен куулуп, учурда Москвада жашаган Аскар Акаев соңку кезде саясий жана коомдук окуяларга байланыштуу улам маек берип жатат. Анын биринде ал кыргыз-тажик чек арасында жаңжал боюнча комментарий берип, Тажикстандын бийлигинин аракетин кыргыз элине карата жакшылыкка жамандык менен жооп берди деп баалады. Анын айтымында, Тажикстандын аракети - бул агрессия жана Ворух анклавына алып барчу жолду басып алуу боюнча атайын даярдалган аскердик операция. Буга тажик тараптын оор аскердик куралдын колдонушу далил болуп бере алат дейт.
"Мен тажик бийлигинин бул жоругун жакшылыкка жамандык кылып жооп берүү деп эсептейм. 1990-жылдары оор мезгил эле, ал кезде Тажикстандык жарандык согуш жүргөн. Кыргызстан регулярдуу негизде жакшы жардам көрсөткөн. Биз аларды саясий жана моралдык жактан колдоп турганбыз. Аларга бекер электр энергиясын бергенбиз, себеби Тажикстанда болуп көрбөгөндөй тартыштык болуп турган эле. Биз Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын элдештирүүдө чечүүчү колдоо көрсөтүп, ал иш-чара 1997-жылы Бишкекте өткөн. Мен постсоветтик чөлкөмдөн алып караганда Дүйшөмбү шаарына жол ачкан биринчи президент болгом. Андан кийин гана аталган борборго башка лидерлер барып башташты", - дейт Аскар Акаев.