SerepTV Logo

БШК айрым шайлоо участкаларынын чек араларын өзгөрттү

БШК айрым шайлоо участкаларынын чек араларын өзгөрттү
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 9 округ боюнча шайлоо участкаларынын чегин өзгөрттү. Маалымат боюнча, өзгөртүүлөр Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош, Төлөйкөн, Кара-Суу, Куршаб, Алай жана Өзгөн бир мандаттуу округдарындагы УШКларына таасирин тийгизди.
  • №4 Көк-Жар шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;
  • №5 Ноокат шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;
  • №6 Араван шайлоо округу
Борбору: Араван району, Араван айылы, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;
  • №7 Ош шайлоо округу
Борбору: Ош шаары, мэриянын имараты;
  • №8 Төлөйкөн шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;
  • №9 Кара-Суу шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;
  • №10 Куршаб шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
  • №11 Алай шайлоо округу
Борбору: Алай району, Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;
  • №12 Өзгөн шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты; "Чечим «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13-беренесине, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун 2021-жылдын 14-сентябрындагы №2 чечимин эске алып кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.