Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев кызматтан кетти. Анын ордуна ким дайындалды?
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмазбек Бакетаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Анын ордуна Ырсалиев Жамалбек Самарбекович биринчи вице-мэр болуп дайындалды.
Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди. Буга чейин ал Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунда Уюштуруучулукту өнүктүрүү департаментин жетектеген. Тиешелүү буйрукка калаа мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.