Бишкектеги шайлоонун жокко чыгарылышы. БШКнын жумушчу тобу тараптардын арызын колдоду
БШКнын жумушчу тобу "Эмгек" жана "Ата Журт-Кыргызстан" партияларынын Бишкек АШКнын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндөгү чечимине каршы арызын колдоду.
Арыз ээлери АШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаргандыгына макул эмес экендигин белгилей кетүү керек. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынан бул токтомду четке кагууну жана шайлоону өттү деп табууну өтүнүшкөн. Жумушчу топтун чечими кеңеш берүү мүнөзгө ээ экендиги көрсөтүлгөн.
11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өткөн. Бишкек шаардык кеңешке 6 партия өткөн. Кийин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ал эми БШК Ош менен Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган болчу.