SerepTV Logo

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат
Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунун алдында президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бирин – Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенкону, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Орусиянын президенти Владимир Путинди тосуп алды.
Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар курамдагы жыйыны өтүүчү залга өтүштү. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="152209,152212,152210,152204,152205,152211,152207,152208"]