Бишкек шаардык кеңешке талапкер болгон 17 жаран тизмеден чыгарылды
Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 17 жаран тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан 1 миң 258 талапкер тизмеге катталган.
“Бүгүнкү күндө 1 миң 238 талапкер катталган. 17 жаран тизмеден чыгуу боюнча өз арызын жазган”, - дейт ал. Стамов Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ экендигин айтат. “Кечээ тилкеден тышкары 2 миң 277 шайлоочу добуш берди”, - деди ал.