Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого 18 партия ат салышат
11-июлда өтө турган Бишкек шаардык кеңешке 18 партия тиешелүү документтерди тапшырды. Партиялардан 1371 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 1258 талапкер каттоодон өттү. Муну менен катар ар кандай себептерден улам 113 талапкер каттоодон өткөн жок.
Бишкек шаардык кеңешке катыша турган партиялар:
- «Эмгек»;
- «Өнүгүү-Прогресс»;
- «Туран»;
- «Биздин Эл»;
- «Замандаш»;
- «Столица»;
- «Жашыл Кыргызстан»;
- «Ынтымак»;
- «Биздин Кыргызстан»;
- «Социал-демократтар»;
- «Реформа»;
- «Күч бирдикте»;
- «Келечек-Будущее»;
- «Ата-Журт Кыргызстан»;
- «Ишеним»;
- «Жаңы-Мезгил»;
- «Улуу-Журт»;
- «Айкөл Кыргызстан»