SerepTV Logo

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 16га жетти

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 16га жетти
Бүгүн, 9-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 16 партия арыз берди. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдирген. Ведомствонун маалыматы боюнча, төмөнкү партиялар каттоодон өтүүгө укуктуу:
  1. «Өнүгүү-Прогресс» - партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
  2. «Социал-демократтар» - партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
  3. «Замандаш» - партиянын жетекчиси Аскарбек Омуракунов;
  4. «Келечек-Будущее» - партиянын жетекчиси Чыңгыз Макешев;
  5. «Ата-Журт Кыргызстан» - партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
  6. «Биздин Кыргызстан» - партиянын жетекчиси А.Осмонов;
  7. «Ынтымак» - партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
  8. «Жаны мезгил» - партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;
  9. «Биздин Эл» - партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
  10. «Туран» - партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
  11. «Эмгек» - партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
  12. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы - партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
  13. Жашыл Кыргызстан партиясы - партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
  14. “Күч бирдикте коомдук саясий партиясы” - партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;
  15. «Улуу-Журт» - партиянын жетекчиси М.Орозбаев;
  16. «Реформа» - партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова.
11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
Unknown Author