Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого 13 партия катыша тургандыгын билдирди
7-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия арыз берди. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Алар:
- «Өнүгүү-Прогресс» - партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
- «Социал-демократтар» - партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
- «Замандаш» - партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;
- «Келечек-Будущее» - партиянын жетекчиси Чыңгыз Макешев;
- «Ата-Журт Кыргызстан» - партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
- «Биздин Кыргызстан» - партиянын жетекчиси А.Осмонов;
- «Ынтымак» - партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
- «Жаңы мезгил» - партиянын жетекчиси Казакбай кызы А.;
- «Биздин Эл» - партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
- «Туран» - партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
- «Эмгек» - партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
- Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы - партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
- Жашыл Кыргызстан партиясы - партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;