SerepTV Logo

Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоо боюнча штабдын биринчи отуруму өттү

Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоо боюнча штабдын биринчи отуруму өттү
Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын биринчи отуруму борбордук мэрияда өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, отурумга Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана шаардык кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Ушул жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоонун уюштуруу маселелери талкууланды. Борбор калаанын төрт районунда райондук штаб жана 228 шайлоо участкалары түзүлдү: Ленин районунда - 62 УШК, Октябрь районунда - 59, Биринчи май районунда - 49, Свердлов районунда - 58. Бактыбек Кудайбергенов акимдерге, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилерине БШКнын депутаттарын кайрадан шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертти. "Шайлоо административдик ресурссуз, ачык-айкын өтүшү керек", - деди ал. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54122,54123,54124,54125"]
Unknown Author