SerepTV Logo

Бишкек, Ош жана Токмоктун депутаттарын кайра шайлоо аяктады

Бишкек, Ош жана Токмоктун депутаттарын кайра шайлоо аяктады
Бүгүн, 11-июлда саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоо башталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бул жолу шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 жаран катталган. Добуш берүүчү тилкелер саат 20:00дө жабылды.
  • Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 18 партия катышты.
  • Ош шаардык кеңештин депутаттыгына 8 партия талапкерлерин көрсөткөн.
  • Токмок шаардык кеңештин депутаттары 6 партиядан шайланат.