SerepTV Logo

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 11-июлда өтөт

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 11-июлда өтөт
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматынан бүгүн, 28-майда билдиришти. 11-апрелде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүп, бирок анын жыйынтыгы жараксыз деп табылган. «Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо жекшембиге — 2021-жылдын 11-июлуна дайындалсын. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштурсун», - деп жазылат жарлыкта.
edita