SerepTV Logo

"Тагдырдын тамашасы дейт". Алмазбек Атамбаевдин уулу Асылбек Жээнбековдун камакка алынышы боюнча үн катты

"Тагдырдын тамашасы дейт". Алмазбек Атамбаевдин уулу Асылбек Жээнбековдун камакка алынышы боюнча үн катты
Тагдырдын тамашасы дейт... Бир жыл мурун биз да ушинтип кыйкырып, акыйкат издеп жүргөнбүз. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. "Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдордон эмнени гана көрбөдүк! Эми өз башына түшүп, соттордо жүрүшөт. Эмне дейбиз эми, белиңерди бекем буугула!" - деп жазды ал. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын ошол эле күнү карап, 2 айга камакка алган. Ал эми бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту анын адвокатынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын карайт. Соттук отурумга анын бир тууганы Жусупбек Шарипов келди.
edita