SerepTV Logo

Чек ара жаңжалында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүүгө бюджеттен 700 миллон сом бөлүнөт

Чек ара жаңжалында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүүгө бюджеттен 700 миллон сом бөлүнөт
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 700 миллон сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика жана финансы министринин орун басары Айдин Шаршеев билдирди. Анын айтымында, азыр анын 200 миллон сому бөлүнүп берилди. “Бул каражат негизинен жаңжалда жабыркаган инфраструктураны (суу, свет, жол) калыбына келтирүүгө жумшалат. Кыйраган үйлөрдү куруу жеке сектордун эсебинен каржыланат. Ошондой эле, министрлер кабинети башка берене менен каза болгон үй-бүлөлөргө – 1 миллион сомдон, жабыркагандарга – 50-100 миң сомдон кенемте төлөйт”, -деди ал. 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.
Unknown Author