SerepTV Logo

Баткен облусундагы шаарларга жаңы мэрлер дайындалды

Баткен облусундагы шаарларга жаңы мэрлер дайындалды
Кечээ, 7-июнда Баткен облусунда Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен, Лейлек районунун Исфана, Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларынын мэрлерин шайлоо өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Кадамжай шаарынын мэри болуп Бегалиев Бакытбек Турдалиевич шайланды, ага Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш берди. Айдаркен шаарынын мэри болуп Мурзажанов Алтынбек Саматович шайланды, Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш берди. Добуш берүү эки тур менен өттү. Исфана шаарынын мэри болуп Рысов Чынгыз Абжалилович шайланды, Лейлек шаардык кеңешинин 31 депутатынын ичинен 17си добуш берди. Баткен шаарынын мэри болуп Бурканов Имамназар Апызович шайланды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын баары добуш берген. Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп Маткалыков Асылбек Жорбаевич шайланды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын 17си добуш берди. Сүлүктү шаарынын мэри болуп Халбеков Абдысамат Дыйканбаевич шайланды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын 15и добуш берди.
Unknown Author