Баткен менен Согди облусунун башчылары жолугуп, чек ара аймактарын карап чыгышты
Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 31-майда кыргыз-тажик чек арасында Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушуп, чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, жасалып жаткан иш аракеттерди талкуулашты. Жолугушууда жетекчилер 28-30-апрелде орун алган окуянын кесепеттерин жоюу, эл арасында кооптонууларды жок кылуу үчүн түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аткарылбай келген 2019-жылдын 18-сентябрындагы эки тараптуу протоколдун Кыргызстандын Максат, Тажикстандын Овчу-Калача айылдарынын ортосунда милициянын биргелешкен жөө патрулун коюу боюнча пункту макулдашылып, натыйжада эки тараптан тең коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн милициянын жөө патрулу коюлган. Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы бир катар маселелерди жеринде чечүү үчүн чек ара аймактарын бирге карап чыгышты.
Эки облус башчысы чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөрдү кечиктирбей, ыкчам чечип туруу үчүн, жума сайын жолугуп турууну макулдашышкан болчу.