SerepTV Logo

Балбак Түлөбаев: "Кумтөрдүн" 19 тонна алтынынан түшкөн 1 миллиард доллар каякта?"

Балбак Түлөбаев: "Кумтөрдүн" 19 тонна алтынынан түшкөн 1 миллиард доллар каякта?"
Депутат Балбак Түлөбаев комитет жыйында "Кумтөрдөн" былтыр казып алынган алтын тууралуу сурады. "Кумтөр былтыр 19 тонна алтын казып алды. Казып алган соң, Кара-Балтага жиберди. Кара-Балтадагы завод аны эл аралык стандартка тууралап, Улуттук банкка сатты. Улуттук банк сом менен алтынды сатып алды. Силер акчаны "Кыргыз алтынга" которуп жаттыңар да туурабы? "Кыргыз алтын" 1 миллиард долларды каякка койду? "Кыргыз алтын" кайра Кумтөргө керектүү нерселерин сатып алат да. Мен билем, 1 миллиард доллар толугу менен мамлекетке берилбейт. Кумтөрдүн чыгымдары бар да. Ошону айтып бербейсиңерби", - деп сурады ал.