"Мени качан камалат экен дегендер да бар". Түлөбаев Суракматовдун кармалганы боюнча үн катты
Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев УКМК тарабынан кармалган экс-мэр Азиз Суракматов боюнча Фейсбук баракчасына билдирүү жазды. Ал Азиз Суракматов калаа башчысы кызматын аркалап турган кезде мэриянын аппарат башчысы болуп турганы маалым.
"Азиз Суракматов боюнча көп суроолорду берип жатышат. Мага өтө оор, чогуу иштедик, шаарда көп иштер жасалды. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилеттүү териштирүүсүнө ишенем. Ишенгим келет, коом өзгөрдү. Жакшы нерселер болуп жатат. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз, мыйзамсыз иш кылсак жооп тартабыз.
Мени качан камалат экен дегендер да бар. Мени "сүйүп" жаткандар дагы жок эмес, түшүнсөк болот. Таза, түз иштегенге дайыма аракет кылдым. Ар бир кылган ишиме жооп берем. Кудайга шүгүр, жаман ишке барган жокмун. Эми убакыт көрсөтөт", - деп жазылат билдирүүдө.
26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.