Бактыбек Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болуп шайланды
Бактыбек Сыдыков «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу депутат Элмурза Сатыбалдиев бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Буга чейин аталган фракциянын лидери Нурланбек Шакиев кечээ, 5-октябрда Жогорку Кеңештин спикерлигине шайланган. Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы.