SerepTV Logo

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлердин элесине эстелик орнотулат (сүрөт)

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлердин элесине  эстелик орнотулат (сүрөт)
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Кеңешмеде Жылдыз Бакашова белгилегендей, кооптуу инфекция мнен күрөшүүдө өмүрүн берген медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу асыл кесиптин өзгөчө маанилүүлүгүн гана билдирбестен, алардын өмүрү үчүн мамлекеттик органдардын жогорку жоопкерчилигин билдирет. «Өлкө үчүн оңой эмес учурда биздин дарыгерлер кесипке берилгендигин билдирип, өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен адамдарга жардам колун сунуп, баатырдыгын көрсөттү. Биз алардын эрдигин эсибизде сактайбыз, бирок келечек муун эпидемиологиялык абал кандай баа менен турукташтырылгандыгын билүүсү үчүн алардын элесин түбөлүккө калтыруубуз керек», - деди ал. Андан соң эстеликти орнотуунун демилгечиси, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморов тарабынан скульптуранын макети сунушталды, анда коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин образы чагылдырылган. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек мэриясына эстелик орнотулуучу орунду аныктоосу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бир жумалык мөөнөттө президенттик администрацияга Конституцияны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуучу Министрлер кабинетинин чечимин киргизүүсү тапшырылды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="52476,52477,52478,52479,52480,52482,52483"]
Unknown Author