SerepTV Logo

Азамат Жаманкулов өз арызы менен маданият министри кызматынан кетти

Азамат Жаманкулов өз арызы менен маданият министри кызматынан кетти
Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Министрлер Кабинети жөнүндө”  конституциялык мыйзамдын 11-беренесине ылайык кол койгон жарлыктын негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Ал аталган кызматка өткөн жылдын октябрь айында Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөсү катары дайындалган.