"Ата Журт - Кыргызстан" партиясы курултай өткөрдү
Бүгүн, 10-октябрда "Ата Журт - Кыргызстан" партиясы курултай өткөрүп, шайлоого аттанган талапкерлеринин тизмесин жарыялады. Анын алдыңкы бештигинде Айбек Маткеримов, Бакыт Төрөбаев, Равшан Сабиров, Жамиля Исаева, Таалайбек Сарыбашов бар.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт жана бул жолу Жогорку Кеңешке депутаттар аралаш система менен шайланып келет. Тагырааны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан.