SerepTV Logo

Ашхабадда Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду

Ашхабадда Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду
Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды. Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү. Андан соң президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда "Огузхан" ак сарайына багыт алды. Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="59692,59703,59697,59702,59693,59700,59691,59699,59701,59704,59696,59690,59695,59698,59694"]
Unknown Author