SerepTV Logo

Артем Новиковдун ордуна жаңы биринчи орун басар дайындалды

Артем Новиковдун ордуна жаңы биринчи орун басар дайындалды
Жунушалиев Айбек Жанышбекович министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. 20-майда президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, президент 11-апрелде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин негизинде жарлыкка кол койду. Буга чейин төраганын биринчи орун басары кызматын Артем Новиков ээлеп келген. Ал бүгүн ээлеген кызматынан бошотулуп, Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды. Айбек Жунушалиев буга чейин өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.
edita