SerepTV Logo

Бейшеналиев: "Вакцина тукумсуздукка алып келеби же алып келбейби такталган эмес. 10 жылдан кийин айтсак болот"

Бейшеналиев: "Вакцина тукумсуздукка алып келеби же алып келбейби такталган эмес. 10 жылдан кийин айтсак болот"
Коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка кептейби? Бул суроого саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-каналга берген маегинде жооп берди. "Вакцина деген - жаңы препарат деп коелу. Тукумсуздукка алып келеби, алып келбейби аны эч ким билбейт. Балким тескерисинче, тукумсуздукту көбөйтүп калат. Такталган эмес. Анткени муну жасап жатканына 8 эле ай болду. 10 жылдан кийин айтсак болот, бул вакцина тукумсуздукка алып келет экен, бул алып келбейт экен деп", - деди ал.