SerepTV Logo

Алымкадыр Бейшеналиев: “Президент мага саламаттыкты сактоо министрлигин ишенип тапшырган. Медакадемияга ректор болуу ниетим жок”

Алымкадыр Бейшеналиев: “Президент мага саламаттыкты сактоо министрлигин ишенип тапшырган. Медакадемияга ректор болуу ниетим жок”
Медициналык академиянын ректорлугун шайлоо 29-майга белгиленип, бирок убактылуу жылдырылды. Бул тууралуу документке кечээ, 28-май күнү Билим берүү жана илим министрлигине жаңы дайындалган статс-катчы Калысбек Шадыханов кол койгон. Айрым маалымат булактары ректорлукту шайлоону жылдыруу атайын жасалган иш экенин жана ректор катары Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бара турганын жазышууда. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине комментарий берди. “Мага президент Садыр Нургожоевич Саламаттыкты сактоо министрлигин ишенич менен тапшырган. Учурда COVID-19 вирусу менен күрөшүүдөбүз. Медакадемияга ректор болуу ниетим жок. Шайлоо эмнеге жылгандыгы тууралуу да маалыматым жок“, - деп билдирди министр.
Unknown Author