Бейшеналиев кечээги жыйындан кийин лабораториялардын аталыштарын кыргызчалайбы?
Биз кыргызбыз да, кыргыз болгондон кийин башка тилден кирген сөздөрдү айтууда акцент болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, ал жыйында бет кап менен отурган жана ал сөздөрдү айтууда бет кап тоскоолдук кылган.
"Лабораториянын аталыштарын кыргызчалоо боюнча сунуш кылайын деп жатам. Биз кыргызбыз да, башка тилден кирген сөздөрдү айтууда акцент болот. Мисалы, грузиндер деле акцент менен сүйлөп жатпайбы. Аларды журналисттер шылдыңдабайт. Эгер ошончолук эле кыйын болушса, менин ордума келип отурушсун", - деди ал.
Кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында министр Алымкадыр Бейшеналиев менен депутат Өмүрбек Бакиров экөө Кыргызстандагы лабораториялар жөнүндө сүйлөшүшкөн. Анда депутат да, министр да лабораториянын аталыштарын туура эмес айтышкан. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынды.
[video width="1920" height="1080" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/jogorku-keneshten-tarts-etme-1.mp4"][/video]